Кыргыз-Өзбек университетине 25 жыл

                  Кыргыз-Өзбек университети коомчулуктун көптөгөн өтүнүчү жана кайрылууларынын негизинде мамлекеттин колдоосуна арзып,         1994 - жылы Ош шаарында Кыргыз-Өзбек жогорку техникалык колледжи ачылган. Кыска убакыттын аралыгында тыным албай                           эмгектенген түйшүкчүл жамааттын күжүрмөн эмгеги жемишин берип, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын экс-президенти                             А.Акаевдин жарлыгы менен аталган ЖОЖго Кыргыз-Өзбек университети статусу берилген. Учурда жогорку жана орто билим берүү                   тармагында 25 жылдык тарыхы бар Кыргыз-Өзбек университети мамлекетибиздеги эң маанилүү жүктү, тактап айтканда улуттар                       аралык достукту, анын ичинде түштүк аймагындагы калктын басымдуу пайызын ээлеген Кыргыз, Өзбек элдеринин арасындагы                         ынтымакты бекемдеп келген жападан жалгыз окуу жай болуп калды. Өз тарыхында 40000ден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды.           Алар бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде гана эмес, коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан. Россия о.э.алыскы чет өлкөлөрдө дагы         жоопту кызматтарды аркалап келе жатышат. Жалпысынан, азыркы күндө Кыргыз-Өзбек университетинде 10000ге чукул студенттер                 билим алууда. Ал эми университеттин стуруктурасы кесиптик лицейден,Кыргыз-Өзбек (социалдык) , медициналык, Ала-Бука                               колледждеринен, жогорку билим берүү багытында факультеттен жана аспирантура, докторантура билим берүү түзүмдөрүнөн турат.               Бүгүнкү күндө университетти э.и.д., профессор, КР ИАнын мүчө-корреспонденти Ч.К.Райымбаев жетектеп келет.

    • client_3
    • client_2
    • client_2
    • client_1
    • client_2
    • client_1