Бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу

12-апрель күнү Кыргыз-Өзбек университетинин ЖОЖдорго чейинки даярдык борбору тарабынан, аталган окуу жайдын жалпы бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга жалпы 300гө жакын бүтүрүүчү келип, окуу жайга болгон сагынычтарын, мугалимдерге болгон ыраазычылыктарын билдиришти. Уюштуруу тобу тарабынан концерттик программа тартууланып, бүтүрүүчүлөр тиешелүү факультеттерине, бөлүмдөрүнө экскурция кылышып,окутуучулар жана студенттер менен жолугушуп, жакындан таанышып кайтышты. Иш чаранын негизги максаты бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясын түзүп, алар менен тыгыз иш алып баруу болуп саналат.Бүгүнкү күндө жогорку жана орто билим берүү тармагында чейрек кылымдык тарыхы бар Кыргыз-Өзбек университети мамлекетибиздеги эң маанилүү жүктү аркалап келет. Өз тарыхында 40000ден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Учурда алар, Кыргыз мамлекетинде гана эмес, коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан. Россия о.э.алыскы чет өлкөлөрдө дагы жоопту кызматтарды аркалап келишет.