Медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация»сабактар бирикмеси

portfolio_2

Медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинин башчысы Ниязалиева Зейнеп Курманбековна

1975-жылы 1-октябрьда Араван районунун Араван айылында туулган. 1992-жылы Араван районундагы А.Навои орто мектебин күмүш медали менен аяктаган. Улуту кыргыз, билими жогорку 1992-жылы Ош мамлектттик университетинин «Табият-таануу жана география» факультетинин «Химия кошумча биология» адистигине тапшырып, 1997-жылы аяктаган. Эмгек жолун 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университетинде лаборант болуп иштөөдөн баштаган. 1998-жылдын сентябрь айынан тартып окутуучу болуп эмгектенген. Аты аталган университеттин 2005-жылдан ушул күнгө чейин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде башчы болуп эмгектенип келе жатат. Тажрийбалуу окутуучу, эмгек стажы 21, педагогикалык стажы 20 жыл. Томондогу багыттарда квлификациясын жогорулатып, сертификаттарга ээ болгон: «Критическое мышление и профессиональная этика преподавателя», разработка учебных программ на основе компетентсносного подхода, внутренняя система оценки качества образования, критерии совершенства EFQM, нормативно-правовая база системы высшего образования КР, использование информационных технологий в учебном процессе, педагогтун кесиптик компетентүүлүгү, интерактивные методы обучения, мамлекеттик тил жана иш кагаздарын окутуу, проведение независимой аккредитации программ и организаций профессионального образования, билим берүүдөгү окутуунун салттуу жана инновациялык моделдери. «Органикалык химия» жана «Органикалык эмес химия сабактарынан окуу- усулдук комплекс иштеп чыккан». Окуу иштеринде жана жаштарды тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери үчүн бир нече жолу «Алкыш баракчалары» жана «Ардак грамоталары» менен сыйланган. Үйбүлөлүү, үч баланын сүйүктүү энеси.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинин «Фармацевтикалык технология» сабагынын окутуучусу Ташбаева Жылдыз Аширбаевна

1985-жылы 7-мартта Жалал-Абад облусунун Таш – Көмүр шаарында туулган. 1992 жылы Таш-Көмүр шаарынын Токтогул Сатылганов атындагы №4 орто мектепке биринчи классына барган. 2003-жылы Кыргыз-Турк «Себат» кыздар лицейин аяктаган. Ошол эле жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Фармация институтунун «Фармацевт» адистигине тапшырган. 2008-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Фармация институтунун «Фармацевт» жогорку адистигин аяктаган. 2010-жылдын сентябрь айынан тартып, Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде «Фармацевтикалык технология» сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Ушул сабактан окуу-усулдук комплекс иштеп чыккан. Окуу иштеринде жана жаштарды тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери үчүн «Алкыш баракчалары» жана «Ардак грамота» менен сыйланган. Ошондой эле сертификаттарга ээ болгон.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинин «Фармацевтикалык технология» сабагынын окутуучусу Сатыбалдиева Эльнура Жанибековна

Сатыбалдиева Эльнура Жанибековна 1986-жылы 3-майда Кара-Суу районуна караштуу Зарбалик айылында туулган.2008-жылы Кыргыз мамлекттик медициналык академиясынын «Фармация» адистигин аяктаган. 2008-жылы Кара-Суу районунда жеке менчик даарыканада провизор болуп эмгектенген. 2014-жылдын сентябрь айынан тартып, Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Фармацевтикалык технология» сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Өз билимин өркүндөтүү жана квалификациясын жогорулатуу үчүн төмөнкү сертификаттарга ээ болгон. -Педагогтун кесиптик компетентүүлүгү -Повышение квалификации фармацевтов при МЗКР -Билим берүүдөгү окутуунун салттуу жана инновациялык моделдери. Жалпы эмгек стажы 10 жыл, анын ичинен медициналык колледжде педогогикалык эмгек стажы 4 жыл . Сабакты өтүүдө окуутунун традициялык жана интерактивдүү методдорун колдонот. Предмети боюнча докуметтация иштерине так жана жоопкерчиликтүү мамиле кылыт. Коомдук иштерге активтуу катышат, куратордук тайпасы менен тыгыз иш алып барат.Уй булолуу,уч кыздын энеси,

portfolio_2

Медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинин «медициналык генетика» сабагынын окутуучусу Бердибаева Жаңылбү Рахмановна

1982-жылы 27-августта Ош облусунун Алай районуна караштуу Талды-Суу айылында төрөлгөн. 1989-жылы Талды-Суу орто мектебине 1-класска барып, ошол эле мектепти 1999-жылы 11-классты аяктады. 1999-жылы Ош медициналык училищанын «лаборанттык аныктоо» адистигине тапшырып, 2002-жылы аяктады. 2011-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин Табигый педагогика факультетинин «Биология мугалими» адистигине тапшырып 2015-жылы аяктады. 2012-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде эмгектенип жатат. Үй-бүлөөлү, 5 баланын энеси.

portfolio_2

Медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация»сабактар бирикмесинин «Фармацияны уюштуруу жана экономикасы» сабагынын окутуучусу Рахманова Икболхон Абдужалиловна

Рахманова Икболхон Абдужалиловна 1962-жылы Ош областына караштуу Нариман айылында туулган. 1969-жылы «22-партсьезд» атындагы орто мектепке кирип, 1979- жылы алтын медаль менен бүткөн. 1984-жылы Ташкент фармацевтикалык институтунун «Провизор» адистигин аяктаган. 1984-жылдан тартып, 1998-жылга чейин Ош шаарындагы №5-даарыканада провизор, бөлүм башчысы жана улуу провизор болуп эмгектенген. 1998-жылдан 2012 – жылга чейин Ош шаардык ооруканасында провизор- аналитик жана аптека башчысы болуп эмгектенген. 2012- жылдын февраль айынан баштап, Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Фармацияны уюштуруу жана экономикасы» сабагы боюнча окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.

portfolio_2

Медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинин «Микробиология» сабагынын окутуучусу Камалова Ранахан Орозалиевна

1970-жылы 1-сентябрда Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында туулган. 1977-1987-жылдары Ноокат районунун Карл Маркс орто мектебинде билим алган. 1990-1995-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Табият таануу жана география» факультетин бүтүрүп, «Биология» адистигине ээ болгон. 1998-жылдан 2013-жылдын март айына чейин Ноокат районуна караштуу «Айбек» орто мектебинде «Биология» мугалими болуп эмгектенген. Ушул эле мектепте окуу тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген. Ноокат райондук билим берүү бөлүмү тарабынан жана Ош областык профсоюз уюму тарабынан «Ардак грамота» менен сыйланган. 2013-жылдын 1- мартынан баштап ушул кунгө чейин Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде «Микробиология» сабагынан окутуучу болуп иштеп келе жатат. Жалпы педагогикалык эмгек стажы 20 жыл. Университетеги эмгек стажы 5 жыл. Университетте иштеген мезгилде «Окутуунун интерактивтуу методдору» жана «Педагогдун кесиптик компотенттүүлүгү», 2018-жылы «Көз карандысыз аккредитация» боюнча семинарларга катышып, сертификаттарга ээ болду. 2017-2018-окуу жылында уневерситеттеги үзүрлүү эмгектери жана студент жаштарга билим, тарбия берүүдө кошкон зор салымдары үчүн университеттеги ректор тарабынан «Ардак грамота» менен сыйланды. Сабак өтүүдө окуутунун традициялык жана интерактивдүү методдорун колдонот.

portfolio_2

Медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинин «Фармацияны уюштуруу жана экономикасы» сабактарынан окуутучу Кутбаева Садвар Мамажановна

Кутбаева Садвар Мамажановна1961-жылдын 15 –февраль айында Карасу районунун Бирлешкен айылында туулган. Улуту кыргыз, билими жогорку 1983-жылы Ташкент шаарындагы Фармацевтикалык институттун провизор адистигин аяктаган. Эмгек жолун 1983 жылдан 1991 жылга чейин Ош областтык Аптека Управлениеде провизор болуп иштөөдөн баштаган. 1991 -жылдын -1998 жылга чейин АО Ош фармацияда лабораториянын бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1998 жылдан -2003 жылга чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармектер жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаментинин түштүк филиалында фарминспекция бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенген. 2003 жылдан азыркы убакка чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу дары-дармектер жана медициналык техникалык Департаментинин түштүк филиалында контролдук-көзөмөлдөө лабораторисынын бөлүм башчысы болуп эмгектенип келе жатат. 2005-жылдан -2009 -жылга чейин Ош областтык медучилища окуу жайында Фармакогнозия сабагынан айкалыш мугалими болуп иштеген. 2015- жылдан азыркы учурга чейин Кыргыз-Өзбек университетинде медициналык колледжде ОЭФ сабагынан айкалыш окутуучусу болуп эмгектенип келе жатат

portfolio_2

Медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинин «Химия» сабагынын окутуучусу Арынова Айгуль Эргешовна.

1977-жылы 27-январда Ош областына караштуу Фрунзе районунун Үч-Коргон айылында туулган. 1984-1994-жылдарында Ноокат районунун Э.Тельман атындагы орто мектебинде окуган. 1994-1999-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Табият таануу жана география» факультетинде жогорку билим алган. 2000-2003-жылдары Ош областынын Ноокат районунун Д.И.Менделеев атындагы орто мектепте «Химия» сабагынан мугалим болуп иштеген. 2002-2003- жылдары Ош гуманитардык педагогикалык институтунун Ноокат филиалында «Биология» сабагынан өнөктөш мугалим болуп эмгектенген. 2003-жылы Ош областык билим берүүнү өркүндөтүү институту тарабынан Интернационал мектептерде химия сабагын өтүү боюнча «Ардак грамота» менен сыйланган. 2003-жылдан 2013-жылга чейин Россия мамлекетинин Уфа шаарында теплицада КХ «Нектар» да башкаруучу болуп иштеген. Азыркы учурда «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде «Химия» сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Медициналык колледжде аялдар кенешинин төрайымы, окутуучу айымдарга жана студент кыздарга туура кенешин берип келүүдө. Коомдук жана профориентациялык иштерге активдүү катышат. Медициналык колледжде спорттун волейбол түрү боюнча айымдар командасынын капитаны. Ар жылы өтүлүүчү спортакиада да байгелүү орундарды ээлеп, «Мыкты оюн уюштуруучу» наамы менен сыйланган. «Экологиянын негиздери» сабагынан окуу-усулдук комплекс жана окуу-усулдук колдонмо иштеп чыкты. «Интерактивные методы обучения» жана «Мамлекеттик тил жана иш кагаздарын окутуу» сертификаттарга ээ болгон.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация»сабактар бирикмесинин «Химия» сабагынын окутуучусу Маматова Айсалкын Алтыбаевна

Маматова Айсалкын Алтыбаевна 1972-жылы 6-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында туулган. Орто мектепти 1989-жылы бүтүргөн. 1990-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун “Табият таануу жана география” факультетинин “Химия кошумча биология” адистигин 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1995-2000-жылдары Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл - Сеңир айылындагы №26 Полот Жолдошов атындагы мектебинде “Химия-биология” мугалими болуп иштеген. 2000-2008-жылдары Ош шаарындагы У.Салиева атындагы таланттуу балдар лицейинде химия мугалими болуп иштеген. 2009-жылдан баштап Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Медициналык колледжинин “Химия, биология жана фармация” бирикмесинде “Химия-биология” сабагынан окутуучу болуп үзүрлүү эмгектенип келет. Студенттерге билим берууну жакшыртуу боюнча SEA программасы боюнча «Старттык эксперимент»(2016), «Тилди жана предметти интеграциялап окутуу» (CLIL 2017) семинарларына катышып, окутуунун жаны усулдарын колдонуп сабак отуп келет. 2017-жылы студенттерге билим беруудогу ишмердуулугу учун «Эн мыкты мугалим» сыйлыгын алган. «Аналитикалык химия» сабагы боюнча окуу усулдук комплекс чыгарды. Азыркы учурда химия сабагы боюнча окуу усулдук колдонмо даярдап жатат. Сыйлыктары. - Райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамотасы. - Ош технологиялык Университетинин Ардак грамотасы. - Билим берүүнүн отличниги төш белгисинин ээси(2008-ж) - Эн мыкты мугалим (2017-ж)

portfolio_2

Медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация»сабактар бирикмесинин «Химия» сабагынын окутуучусу Юсупова Рахима Гуламовна

1957-жылдын 16-апрелинде Ош шаарында туулган. 1974-жылы Ош шаарындагы № 26 орто мектебин аяктаган. 1976- жылы Фрунзе шаарындагы медициналык училищасына тапшырып, 1979-жылы «Санитардык-фельдшер» адистигине ээ болуп, кызыл диплом менен ийгиликтуу аяктаган. 1979-жылдан 1984-жылга чейин Беларусь республикасынын Витебск шаарындагы Медициналык институтунун фармацевтикалык факультетин бүтүрүп, «Провизор» адистигине ээ болгон. 1984-жылдан 1998-жылга чейин Ош областык аптека башкаруунун көзөмөл аналитикалык лабораториясында эмгектенген. 1998-жылдан 2014-жылга чейин Түштүк филиалындагы даары-дармек менен камсыздандыруу департаментинде башкы адис болуп иштеген. Ушул эле организацияда мыкты эмгеги үчүн «Отличник здравоохранения» наамына ээ болгон. 2014-жылдан бери Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация» бирикмесинде «Фармацевтикалык химия» сабагынан окутуучусу болуп эмгектенип келүүдө.

portfolio_2

Медициналык колледжинин «Химия ,биология жана фармация» сабактар бирикмесинин «Ботаника» сабагынын окутуучусу Тайирова Айгуль Абдиллакимовна

1981-жылдын 5-апрельде Баткен областынын Баткен шаарында төрөлгөн. 1988-1998-жылдары Баткен-гимназия орто мектебинде окуп бүтүргөн. 1998-2003-жылдары Ош мамлекеттик университетинин «Табият таануу жана география» факультетинде «Биология кошумча химия» адистигин аяктап жогорку билимге ээ болгон. 2004-2006-жылы Ош шаарындагы «Учар» орто мектебинде «Биология жана химия» сабактарынан мугалим болуп эмгектенген. 2011-2012 жылы Өзгөн районунун Өзгөн-шаарындагы С. Шарипов орто мектебинде «Биология» сабагынан мугалим болуп иштеген. 2015-жылдын 6-мартынан баштап Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде «Ботаника» сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат. Тажрийбалуу окутуучу, эмгек стажы 13 , педагогикалык стажы 13 жыл. Үй бүлөлүү төрт баланын энеси. 2017-жылы «Көз карандысыз аккредитация»,«Билим берүүдөгү окутуунун салттуу жана инновациялык моделдери» темасы боюнча окутуу тренингдернен өтүп сертификатарга ээ болду.

portfolio_2

Медициналык колледждин «Химия, биология жана фармация»сабактар бирикмесинин «Химия жана биология» сабагынын окутуучусу Иманалиева Равзан Турдубековна

Иманалиева Равзан Турдубековна 1987-жылы 24-мартта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Талдык айылында туулган. Орто мектепти 2004-жылы аяктап, ошол эле жылы Ош мамлекеттик универстетинин Табият-таануу факультетине тапшырып, 2009-жылы «Биология кошумча химия» адистигин аяктаган. 2013-жылдын октябрь айынан баштап Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде химия жана биология сабагынан окутуучу болуп эмгектенет. 2017-жылы «Көз карандысыз аккредитация» боюнча семинарга катышып, сертификатка ээ болгон. «Билим берүүдөгү окутуунун салттуу жана инновациялык моделдери» темасы боюнча окутуу тренингден өттү. Эмгек стажы 4 жыл. Сабакты өтүүдө окуутунун традициялык жана интерактивдүү методдорун колдонот. Предмети боюнча докуметтация иштерине так жана жоопкерчиликтүү мамиле кылыт. Коомдук иштерге активтуу катышат, куратордук тайпасы менен тыгыз иш алып барат. Үй- бүлөлүү 3 баланын энеси.

portfolio_2

Медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация»сабактар бирикмесинин «Фармацияны уюштуруу жана экономикасы» сабагынын окутуучусу Мамаякупова Дамира Маматалиевна

Мамаякупова Дамира Маматалиевна 1961жылы 1- майда Карасу районуна караштуу Кенеш Совхозунда туулган. 1977 жылы У.Салиева атындагы кыздар мектебин аяктаган. 1977 жылы Ташкенттеги фармацевтикалык институтка кирип, 1982 жылы аяктаган. 1982 Ошобластык аптекоуправленияга провизор-аналитик болуп ишке кирген. 1992-2004 жылдары Областтык төрөт үйүнүн аптекасында заведушей Аптекой болуп иштеген. 2004-2010 жылдары ОсОО «Мээр- чөп» фирмасында заведушей Склад болуп иштеген. 2010 жылы ОсОО Стимул фармацевтикалык аптекасын ачып иштеп жатат. 2016-2017-жылдары Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин медициналык колледжинде «Фармацияны уюштуруу жана экономикасы» сабагынан окуутучу болуп эмгектнип жатат.

portfolio_2

Медициналык колледжинин «Химия, биология жана фармация»сабактар бирикмесинин «Фармакогнозия» сабагынын окутуучусу Туреева Санабар Орунбековна

10- сентябрда 1948- жылы Ош обласынын Нариман айылында туулган. 1974- жылы институтту аяктагандан кийин Ош шаарында аптеканын бөлүм башчысы болуп иштеген. 1997- жылы Ош шаардык ооруканасынын дарыкаанасында бөлүм башчы болуп дайындалган. 2000 - жылы Бишкек шаарындыгы «Айдан-фарма» га Ош жана Жалал-Абад шаарларынын региондук өкүлү болуп иштеген. Азыркы учурда Кыргыз Өзбек университетинин медициналык колледжинде «Химия, биология жана фармация» сабактар бирикмесинде «Фармакогнозия» сабагынан окутуучу болуп эмгектенип келе жатат.

  • CSS Templates
  • portfolio_2
  • banner

Тарыхы

“Химия, биология жана фармация” сабактары бирикмеси

“Химия, биология жана фармация” сабактар бирикмеси 2005-жылдын 11-октябрь №39/1-д буйругунун негизинде түзүлгөн. 2005-жылдын 13-октябрь №39/2-д буйругунун негизинде бирикменин башчысы болуп Ниязалиева Зейнеп Курманбековна дайындалган. Бирикме № 5- корпустун 2- кабатында жана № 3- корпустун 1- кабатында жайгашкан. Бирикмеде: 15 окуу каана, 2 теориялык каана жана 3 лабораториялык кааналары жана 1 окутуучулардын каанасы бар. Алардын жалпы аянты 522,18 м2. “Химия, биология жана фармация” бирикмесинин окутуучулары медициналык колледждин жалпы жамааты менен бирдикте талыкпастан эмгектенип келе жатат. Бул убакыт ичинде бирикмеде кааналарды жасалгалоо жана бир канча көрсөтмө куралдары даярдалды. Мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде окутуу программалары иштелип турат. Окуу сабактарын өз алдынча баяндоо боюнча теориялык жана практикалык сабактарга иштелмелер түзүлгөн. Бул иш кагаздар ар бир окуу жылында жаңыланып турат. Бирикмеде химия сабактары боюнча «Химия бардык жерде», биология сабактары боюнча «Биология – жандуу дүйнө», фармация сабактары боюнча «Фармацевт» аттуу ийримдер иштеп турат. 2016- окуу жылдагы окуу-усулдук ишмердуулук боюнча I-окуу илимий сессиясынын чечими менен университет ичинде «Эн мыкты ийрим» номинациясына «Химия бардык жерде» ийрими ээ болду. Ийримдин жетекчиси химия мугалими Маматова Айсалкын Алтыбаевна. График боюнча пландаштырылган ачык сабактар, окутуучулардын сабактарга өз ара катышуусу жана иш чаралар өз убагында өткүрүлүп турат. Бирикменин окутуучулары жаны технологиялар менен окуутунун интерактивдуу методдорун колдонуп сабак өтүшөт. 2016-окуу жылынын окуу-усулдук ишмердуулук боюнча I-окуу илимий сессиясынын чечими менен университет ичинде студенттерди окутуп тарбиялоодогу жана билим берүүдөгү жетишкендиктери үчүн бирикменин окутуучусу Маматова Айсалкын Алтыбаевна «Эн мыкты окутуучу» деген наамга татыктуу болду. 2017-жылдагы окуу-усулдук ишмердуулук боюнча жетишкендиктери учун II окуу – илимий сессиянын чечими менен I даражадагы димлом менен сыйланып, «Эн мыкты бирикме» деген наам ыйгарылды.. Учурда “Химия, биология жана фармация” бирикмесинде 18 окутуучу (алардын ичинен 15 штаттык, 3 өнөктөш) жана бир лаборант эмгектенет. «Химия, биология жана фармация» бирикмесинде: 1. Ниязалиева З.К. (Химия сабактары боюнча окутуучу); 2. Ташбаева Ж.А. (Фармацевтикалык технология сабагы боюнча окутуучу); 3. Омуралиева Г.А. ( Фармацияны уюштуруу жана экономикасы сабагы боюнча окутуучу); 4. Рахманова И.А. ( Фармацияны уюштуруу жана экономикасы сабагы боюнча окутуучу); 5. Сатыбалдиева Э.М. (Фармацевтикалык технология сабагы боюнча окутуучу); 6. Токторова А.Ж. (Медициналык генетика сабагы боюнча окуутучу); 7. Туреева С.О. (Фармакогнозия сабагы боюнча окутуучу); 8. Мамаякупова Д.М (Фармацевтикалык технология сабагы боюнча окутуучу); 9. Юсупова Р. (Фармацевтикалык химия сабагы боюнча окутуучу); 11. АрыноваА.Э. (Химия сабагы боюнча окутуучу); 12. Камалова Р.О. (микробиология сабагы боюнча окутуучу); 13. Кутбаева С. . ( Фармацияны уюштуруу жана экономикасы сабагы боюнча окутуучу); 15. Зайнидинова А.А (Фармацияны уюштуруу жана экономикасы сабагы боюнча окутуучу); 16. Тайирова А.А. (Ботаника сабагы боюнча окутуучу); 17. Иманалиева Р.Т. (Ботаника сабагы боюнча окутуучу);