Педиатрия, акушерство жана гинекология сабактар бирикмеси

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик иши жана гинекология сабактар” бирикмесинин башчысы Жапарова Динара Бапыевна

1980-жылы 16-февральда Бишкек шаарында туулган. 1987-жылы Бишкек шаарынын №28 орто мектебине барган.
1995-жылы Ош шаарынын №5 орто мектебине которулуп келген 1997-жылы №5 мектебин аяктап ОшМУнун Медицина факультетине тапшырган.
2003-жылы Медицина факультетин артыкчылык менен аяктап “Дарыгер” адистигине ээ болгон ошол эле жылы ординатурага тапшырган.
2005-жылы ординатураны бутуруп “Акушер-гинеколог” адистигине ээ болгон.2005-жылы ОшМУнун Медицина факультетине окутуучу болуп кирген.
2007-жылы ОшМУдан ооз калоосу менен кетип Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжине окуутучу болуп жумушка алынган.
2010-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин медициналык колледжинин “Педиатрия, акушердик жана гинекология” бирикмесине башчы болуп шайланган.
2010-2015-жылдардын аралыгында билимин жогорулатуу үчүн көптөгөн сертификаттарга ээ болгон.

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик иши жана гинекология ” сабактар бирикмесинин “педиатрия” сабагынын
окуутучусу Кыргызбаев Уланбек Сапарбаевич .
1983-жылдын 30-май айында Ош областынын Өзгөн районунун Красный-Маяк айылында туулган. 1990-2000 жылдары Ош областынын Өзгөн районунун Красный-Маяк айылына караштуу А. Торогелдиев атындагы орто мектебин аяктаган.
2000-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Институтун аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2007-2009-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Хирург” адистигине ээ болгон. 2009-жылдан тартып Ош Мамлекеттик Социалдык Университетинин Медициналык колледжинде билим берип иштеп жатат.
2010-жылда Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында 4 айлык окуусунун бутуруп “дарыгер-педиатр” сертификатына ээ болгон.
Үй-бүлөлүү 1 уул, 1 кыздын атасы.

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “педиатрия” сабагынын окуутучусу Табалдиева Эркингул Макамбаевна .
1985-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарында туулган. 1990-2000 жылдары Ош шаарына караштуу №17 Гагарин орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 2000-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Институтун аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2006-июнь-август. Биринчи кечиктирилгис медициналык жардам боюнча сертификатка ээ болгон. 2006-2008-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” идистигине ээ болгон. 2008-2010-жылдары Баткен областынын Сулюкту шаарында ЦОВП да Акушер-гинеколог болуп иштеген. 2010-2012-жылдары Аверси фармацевтикалык компанияда иштеген. 2012-жылдан тартып Медициналык колледжинде билим берип иштеп жатат.

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “педиатрия”сабагынын окуутучусу Харыбекова Нуркан Жусуповна

1986-жылы 23-февралда Ош областына караштуу Кара-Суу районунда ишмердин үй-бүлөсүндө туулган. 1992-жылы Х.Алимсеитов атындагы орто мектебинде 9-класска чейин окуп аны 2001-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2002-жылы Ош Гуманитардык Педагогикалык факультетине тапшырып 2003-жылы аяктаган, ошол эле жылы Ош Мамлекеттик Медициналык Факультетине тапшырып аны 2009-жылы ийгиликтүү аяктаган. 2010-жылы Интернатураны Облустук төрөт үйүндө бүтүргөн. Ошол эле жылы Алай районунун териториялык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө эки жыл кызмат өтөгөн. 2012-жылы Кара-Суу териториялык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө эки жыл кызмат өтөгөн. 2013-жылдан тартып Медициналык колледжинде билим берип иштеп жатат. Үй-бүлөлүү 2 уулдун сүйүктүү энеси.

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “Педиатриядагы балдар жугуштуу оорулары менен”сабагынын окуутучусу Худайбердиева Умида Акбаралиевна

1984-жылдын 12-январь айында Ош шаарында туулган. 1990-2000 жылдары Ош шаарына караштуу №4 Киров орто мектебин аяктаган. 2000-2006-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Институтун артыкчылык менен аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2005-июнь-август Биринчи кечиктирилгис медициналык жардам берүү боюнча сертификатка ээ болгон. 2006-2008-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Оториноларинголог” адистигине ээ болгон. 2008-2009-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинде окуутучу эмгектенген. 2010-2012-жылдары Аверси фармацевтикалык компанияда менеджер болуп иштеп келген, 2010-жылдан бери Ош шаардык клиникалык ооруканасынын балдар инфекциалык стационарынын жандандыруу бөлүмүндө дарыгер болуп иштеп келе жатат. 2012-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек Университетинин Медициналык колледжинде окутуучу болуп эмгектенүүдө. 2013-жылда Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында 4 айлык окуусунун бутуруп “дарыгер-педиатр” сертификатына ээ болгон. 2014-жылдын июнь айында I-даражадагы дарыгер категориясынын алган. 2015-жылда январь-февраль айында Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында “Биринчи кечиктирилгис медициналык жардам беруу” боюнча сертификатка ээ болгон. 2017-жылы жигердүү иш алыпбаргандыгы үчүн Ректорат тарабынан Алкыш жарыяланган. Үй-бүлөлүү 3 кыздын сүйүктүү энеси.

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “Акушерство жана гинекология”сабагынын окуутучусу Калилова Айсулуу Борубаевна

1979-жылы 13-сентябрда Ош областынын Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл өкмөтүнүн Борбаш айылында туулган. 1986-1996-жылы Борбаш орто мектебин аяктаган. 1996-2003-жылы Кыргыз Мамлекттик Медициналык Академияны артыкчылык менен аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2003-2005-жылы Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2005-жылы Ош медициналык колледжинде ардактуу “Акушер, гинеколог” мугалими жана “Жаштар комитетинин тєрайымы” болуп иштеген. Ошол эле жылы жаштар менен жигердүү иш алыпбаргандыгы үчүн Ош обуластык администрация тарабынан "Ардак грамотага" ээ болгон. 2005-2015-жылдардын аралыгында билимин жогорулатуу үчүн кєптєгєн сертификаттарга ээ болгон. 2012-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек Университетинин Медициналык колледжинде “Акушерство жана гинекология” сабагынан билим берип иштеп жатат.Үй-бүлөлүү 3 кыздын 2 уулдун сүйүктүү энеси.

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “акушерство жана гинекология”сабагынын окуутучусу Орозбаева Ак-марал Рысбековна

1988-жылы 15-октябрда Ош областына караштуу Кара-Кулжа районунун 1-май айылында туулган. 1995-2006-жылы Ош областына караштуу Кара-Кулжа районунун Б.Эшмаматов атындагы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. 2006-2012-жылы Кыргыз Мамлекттик Медициналык Академияны артыкчылык менен аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2012-2014-жылы Ош шаардык Териториялдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2014-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек Университетинин Медициналык колледжинде “Акушерство жана гинекология” сабагынан билим берип иштеп жатат.

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “акушерство жана гинекология”сабагынын окуутучусу Байсалова Элнура Акылбековна

1977-жылдын 20-декабрында Ош шаарында туулган. 1985-1995 жылдары Ош шаарына караштуу №17 Гагарин орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 1995-2001-жылдары Бишкектеги Медициналык Академияны аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2001-2003-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” идистигине ээ болгон. 2005-жылдан бери Ош облустук тєрєт үйүндө, тєрєт бєлүмүндє даарыгер акушер-гинеколог болуп иштеп келе жатат. 2005-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек Университетинин Медициналык колледжинде билим берип иштеп жатат. 2006-2008жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординаторлого “Акушерство жана гинекология” сабагынан билим берип иштеген. 2007-2008-жылдары Бишкек шаарында кесиптик ишмердүүлүктү жогорулатуу боюнча даарыгерлердин билимин жогорулатуу борборунда окуп келген. 2006-2015-жылдардын аралыгында билимин жогорулатуу үчүн кєптєгєн сертификаттарга ээ болгон.

portfolio_2

“Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “акушерство”сабагынын окуутучусу Тоокебаева Айчурок Аскарбековна

1985-жылдын 4-февралда Ош областына караштуу Алай районунда туулган 1992-2003 жылдары Алай районунун Сопу-Коргон айылында Токтогул атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 2004-2009-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Факультетин аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2009-2010-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2010-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек Университетинин Медициналык колледжинде билим берип иштеп жатат.

portfolio_2

Медицина колледжинин “Педиатрия акушердик жана гинекология сабактар” бирикмесинин “акушерство жана гинекология”сабагынын окуутучусу Маматалиева Багдагул Мейликозуевна

1984-жылы 8-сентябрда Ош областына караштуу Кара-Суу районунун Ишкаван айылында туулган. 1991-1999 жылдары Кара-Суу районунун Ишкаван айылында №16 Я.М.Свердлов атындагы орто мектебин артыкчылык аттестаты менен аяктаган. 1999-2002-жылы Ош Торговый колледжинин финансы кредит адистигине ээ болгон. 2002-2007-жылдары Ош Мамлекеттик Университетинин Медициналык Факультетин аяктап “Дарылоо иши” адистигине ээ болгон. 2008-2010-жылдары Ош шаардык Перинаталдык Борбордо Дипломдон кийинки Медициналык Билим Алуу Борборунун базасында Клиникалык ординатураны аяктап “Акушер-Гинеколог” адистигине ээ болгон. 2008-2015-жылдардын аралыгында билимин жогорулатуу үчүн кєптєгєн сертификаттарга ээ болгон. 2010-жылдан бери Ош облустук тєрєт үйүндє, тєрєт бєлүмүндє даарыгер акушер-гинеколог болуп иштеп келе жатат. 2010-жылдан тартып Кыргыз-Өзбек Университетинин Медициналык колледжинде билим берип иштеп жатат.

  • CSS Templates
  • portfolio_2
  • banner
“Педиатрия, акушерство жана гинекология сабактар” бирикмеси.
Бирикме башчысы Жапарова Динара

«Педиатрия, акушерство жана гинекология» бирикмеси томонку 4 сабакты оз ичине камтыйт:
1.Акушерство
2.Гинекология
3.Педиатрия
4. Уй болъно пландаштыруу жана саламатты сактоо
Бирикмеде бугунку кундо томонку окутуучулар курамы эмгектенип жатышат:
1. Жапарова Д.Б -“Акушерство” жана “Гинекология” сабактар окутуучусу
2. Байсалова Э.А - “Акушерство” жана “Гинекология” сабактар окутуучусу
3. Ахматова М.А- “Акушерство”, “ОРЗ” сабактар окутуучусу
4. Абдыраева Б.Р – “Педиатрия”, “Педиатрия балдар жугуштуу ооруу менен” сабактар окутуучусу
5 .Боромбаева Г.Т - “Педиатрия” сабактар окутуучусу
6. Рыскулова А.Ж - “Педиатрия” сабактар окутуучусу
7. Насырова Н.А - “Педиатрия” сабактар окутуучусу
8. Маматалиева Б.М - “Акушерство” жана “Гинекология” сабактар окутуучусу
9. Худайбердиева У.А. - “Педиатрия”, “Педиатрия балдар жугуштуу ооруу менен” сабактар окутуучусу
10. Киргизбаев У.С.- “Педиатрия” сабактар окутуучусу
11. Сатинбаева Р. - “Педиатрия” сабактар окутуучусу
12. Орозбаева А.Р - “Акушерство” жана “Гинекология”, “ОРЗ” сабактар окутуучусу
13. Калилова А.Б - “Акушерство” жана “Гинекология”, “ОРЗ” сабактар окутуучусу
14.Табалдиева Э.М -“Педиатрия” сабактар окутуучусу
15.Тоокебаева А.А - “Акушерство” жана “Гинекология” сабактар окутуучусу
16. Орозбай кызы Жанылмырза - -“Акушерство” жана “Гинекология” сабактар окутуучусу
17. Абдикаримова Н - “Педиатрия” сабактар окутуучусу
18. Харыбекова Н.Ж - “Педиатрия” сабактар окутуучусу
19. Нышанбаева З.Т – бирикменин лобаранты
« Педиатрия, акушерство жана гинекология » бирикмесинде 14 сабак отуучу каана жана 1 лекция окуу кааналары бар. 1 окуу каанасы мультимедиалык аппарат менен камсыздалган. Бирикменин №206 каанасында студентер учун «Акушерство жана гинекология» сабагынан кърсътмъ куралдар – муляждар, фантомдор, плакаттар жана планшеттер бар. №203 жана №207 окуу кааналарында «Педиатрия» сабагынан студенттерге керектуу денгээлде билим беруу учун муляждар, фантомдор жана башка медициналык жабдыктар жетиштуу.