Абитуриенттер үчүн Кыргыз-Өзбек университетинин эшиги ар дайым ачык!

               Бүгүн, 27-апрель КӨУда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулду. Билим майрамына Ош облусунун бардык райондорунан келген окуучулар окуу жайдын “Достук” чыгармачыл жаштар тобунун, Маданий-эстетикалык борбордун таланттуу студенттери тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту. Жалпысынан миңден ашуун мектеп бүтүрүүчүлөрү университет боюнча кенен маалымат алып кайтышты.Эскерте кетүүчү нерсе, окуу жай Кыргыз Республикасынын (КР) Өкмөтүнүн 1994-жылдын 18-июлундагы №505-Токтомуна ылайык Ош технологиялык техникумунун базасында “Кыргыз-Өзбек жогорку технологиялык колледжи” түзүлгөн жана ал жогорку билим берүү багытындагы жогорку окуу жай катары статуска ээ болгон. Колледждин негизги миссиясы бир тууган кыргыз жана өзбек элдеринин ортосундагы достукту жана ынтымакты бекемдөө болуп саналган. Бул окуу жайга техника илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын мүчө-корреспонденти М.Т.Мамасаидов жетекчи дайындалган. Окуу жай илимий потенциалын жогорулатуу максатында ошол жылдан тартып жети багыт боюнча илимий изилдөө иштерине киришкен. 1997-жылы Кыргыз-Өзбек университетинин ачылышына КРдин ошол кездеги Президенти А.Акаев, Өкмөт башчысы А.Жумагулов баш болгон расмий өкүлдөр келип катышкан.
                Кыска убакыт аралыгында Кыргыз-Өзбек университети ар тараптуу өнүгүүгө жетишип, өлкөбүздөгү алдыңкы жогорку окуу жайлардын катарына кошулган. 2004 –жылы КӨУ он жылдык мааракесин зор жетишкендиктер менен тосуп алып, ири ийгиликтерди багындырган. 2005-жылдан 2010-жылга чейин КӨУнун ректору катары техника илимдеринин доктору, профессор А.Исманжанов эмгектенген. 2010-жылдан 2011-жылга чейин КӨУнун ректорунун милдетин аткаруу химия илимдеринин кандидаты, доцент И.Эргешовго жүктөлгөн. Ал эми 2011-жылдан 2013-жылдын апрель айына чейин Кыргыз-Өзбек университетин техника илимдеринин доктору, профессор И.Кенжаев жетектеген. 2013-жылдын апрель айынан июнь айына чейин техника илимдеринин доктору, профессор М.Орозбеков КӨУнун ректору кызматын аркалаган. 2013-жылдын август айында экономика илимдеринин кандидаты, доцент Ч.Райымбаев университеттин ректору болуп шайланган. Ч.Райымбаев ректорлук кызматка келген күндөн баштап ири долбоорлор жүзөгө ашырыла баштады. Айрыкча, факультеттердин жана колледждердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, окуу процессин техникалык каражаттар менен камсыздоого, китеп фондун жаңы басылмалар менен толуктоого өзгөчө көңул бурулду. Бардык факультеттер жана колледждер заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, акылдуу доскалар менен камсыздалды. Спорт манежи, спорт аянттары жасалды. Башкы корпуста чоң жыйындар залын куруу иши башталды. 2018-жылы КӨУнун ректорлук кызматына экономика илимдеринин доктору, профессор Ч.Райымбаев кайрадан шайланган.
                Окуу жай өзүнүн чейрек тарыхында жогорку, орто жана башталгыч билим берүү тармактарында 40 миңден ашуун бүтүрүүчүлөрдү даярдап чыгарды. Азыркы күндө Кыргыз-Өзбек университетинде 10 миңге жакын студенттер билим алууда. Ал эми университетте билим берүү төмөнкүдөй 3 баскычта жүргүзүлөт: 
- башталгыч кесиптик билим берүү: кесиптик лицей;
- орто кесиптик билим берүү: кесиптик колледж, медициналык колледж, Ала-Бука колледжи;
- жогорку кесиптик билим берүү: каржы-экономикалык, инженердик-технологиялык, табигый-педагогикалык, тарых-филологиялык жана юридикалык-бажы факультеттери. 
Андан сырткары аспирантура жана докторантура билим берүү түзүмдөрүнөн турат. Бүгүнкү күндө университетти э.и.д.,профессор, КР ИАнын мүчө-корреспонденти Ч.К. Райымбаев жетектеп келет.

    • client_3
    • client_2
    • client_2
    • client_1
    • client_2
    • client_1